• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 19 жаштагы аскер асынып алды. Кыргыз -Кытай чек арасы ачыла элек

31 Үчтүн айы 2020 12:36 Бишкек Govori.TV

19 ЖАШТАГЫ АСКЕР АСЫНЫП АЛДЫ

Бишкекте ИИМдин №702 аскер бөлүгүндөгү жоокер асынып алды. Бул тууралуу Govori.TVга Ички иштер министрлигиндеги ички аскер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын башчысы Азамат Оторбаев билдирди. Маалыматка ылайык, окуя кечээ,30-январь күнү болгон. Анда 2000-жылы туулган аскер асынып алган. Маркумдун асынып турган сөөгү саат 15:45де аскер бөлүктүн аймагынан табылган. “Учурда катталган окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Каза болгон аскер 2019-жылдын сентябрь айында чакырылган. Азырынча өлүмүнүн себеби белгисиз”, -деп билдирди Азамат Оторбаев.

АБЫЛГАЗИЕВ АЛМАТЫГА КЕТТИ

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 31-январда Алматы шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛА ЭЛЕК

Кыргыз-Кытай чек арасы коронавируска байланыштуу ачыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө пункттары жабык турат.“Азыркы тапта бардык чек ара пункттары жабык бойдон калууда. Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин жабык болот деп айтылган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чек ара жана өткөрмө бекеттери ачыла элек”,- деп билдирет чек ара кызматы. Кошумчалай кетсек, 30-январдын түн ортосундагы маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциядан 9692 адам илдетти жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат алган. Алардын 1527синин абалы оор болсо, 213 адам каза болду жана 171 жаран ооруканадан чыгарылган.

Количество просмотров: 410