3 ЖАШАР КЫЗ СУУГА ТҮШҮП КЕТТИ
Ош шаарында 3 жашар кыз каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айылынын кварталында жайгашкан каналга 2019-жылы туулган М.М. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, кыздын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
АЙРЫМ АЙМАКТАРДА ГАЗ ӨЧӨТ
24-26-октябрь аралыгында Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү Пригородное айылынын Юбилейная көчөсүндө жайгашкан орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрдү кайрадан кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат. Ошентип, Мыскал, Чоң-Чүй каналы, Новая жана Республика көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ эки күнгө өчүрүлөт.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 23-октябрь күнү саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
«Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында — 3 балл, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.