• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: 63 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Баткендиктердин 19 млн сомдук насыясы жоюлду

2 Жетинин айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

ТАШ-КӨМҮРДӨ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Таш-Көмүр шаарында батирден 63 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 1-кичирайонунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1959-жылы туулган С.Э. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

1800 ТҮК ТОЮТ КҮЙДҮ

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жеке турак үйдө 1800 түк тоют күйдү.  Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 00:10 чамаларында Теплоключенка айылынын Калинин көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосунда чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрттүн көлөмү чоң богондуктан кошумча Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Өрт саат 2:08де чектөөгө алып, таңкы 6:38де толук өчүрүлгөн. Жалпы эки үйдөн өрт чыгып 1800 түк чөп, 180 чарчы метр сарайы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

НАСЫЯЛАР ЖОЮЛДУ

Улуттук банк Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банк КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы «Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча КР Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

2022-жылдын 26-октябрына карата финансы-кредит уюмдарынан (ФКУ) алынган маалыматтар боюнча ФКУга 372 карыз алуучу кайрылган, 18 млн 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 кредит жоюлган, 20 млн 885 миң сомго жеткен 64 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздардын бардыгын карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Количество просмотров: 298