• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү. Бейшеналиев УКМКнын кармоочу жайыны камалды

3 Кулжа 202214:00 Бишкек Govori.TV

БЕЙШЕНАЛИЕВ 48 СААТКА КАРМАЛДЫ

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиевге айып тагылгандан кийин баш коргоо чарасы сот тарабынан тандалганга чейин 48 саатка УКМКнын кармоочу жайына камалды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун 2-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголду.

ЧАГЫЛГАН ТИЙГЕН КЫЗ КАЗА БОЛДУ

Токмок шаарында чагылган түшүп окуучу кыз каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык  2-июнда болгон. Анда мектептин жанында жүргөн үч окуучуга чагылган тийип, бирөө каза болду.

«Эки окуучу жандандыруу бөлүмүндө»,-деп билдиришти министрликтен.

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетүүсү күтүлүүдө

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма жер-жерлерге жөнөтүлгөн.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу өлкө жарандарына СМС билдирүүлөр жана телеканалдарда жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген

Количество просмотров: 1357