• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү… Коронавирус 11 адамдан аныкталды

14 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы учурлардын баары Бишкек шаарынын тургундарынан табылган.

Ал эми акыркы суткада 23 адам илдеттен сакайып чыкса, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 184 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

РУБЛДИН КУРСУН АНЫКТООНУН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕСИ

Улуттук банктын башкармалыгы орус рублинин кыргыз сомуна карата курсун аныктоонун жаңы эрежесин кабыл алды. Бул тууралуу токтом Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун эсептөө төмөнкү тартипте аныкталат: орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында «Блумберг» маалымат агенттиги жана «Рейтер» маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

Токтом 2022-жылдын 14-мартынан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

2022-жылдын 14-15-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 271