• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Абактагы Сооронкуловага жаңы айып коюлду. Бишкекте өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылды

10 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV


СООРОНКУЛОВАГА ЖАҢЫ АЙЫП КОЮЛДУ

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага жаңы айып коюлду. Адвокат Чынара Жакупбекова маалымдагандай, жаңы айып мындан бир жыл мурда Сооронкулованын активист Мирлан Ураимовды колдогон Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн коюлду. «Аталган билдирүү бир жыл мурун Ураимовду коргоо максатында «Камасаңар баарыбызды камагыла» деген аталыштагы флеш-моб акциясы алкагында жарыяланган, ошол эле учурда УКМК экспертиза дайындаган, бирок иш ачылган эмес. Эми Кемпир-Абад окуясы боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурунку посттордон кынтык издеп жатышат», — деген жактоочу. Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

ЧҮЙДӨГҮ ЖОЛ КЫРСЫК

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында №355 маршрутка менен «Мерседес» үлгүсүндө автоунаа бетме-бет сүзүштү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришкендей, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Люксембург айылында 1991-жылы туулган жеңил автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, «Mercedes-Benz Sprinter» менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен эки айдоочу, жана эки жүргүнчү жабыркап, алар Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган.

ӨСПҮРҮМ ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Айни көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан өспүрүм кыз секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, жерине 5 куткаруучу жана милициянын бир экипажы тартылган. Өспүрүм кызды куткаруучулар түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. «15 жаштагы С.А. аттуу кыздын абалы жакшы»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 158