ЖАПАРОВ РАСМИЙ КЫЗМАТКА КИРИШТИ
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий түрдө киришти. Бүгүн, 28-январда Улуттук филармонияда Жапаровдун инаугурациясы өтүп, анда мамлекет башчы катары ант берди. Соңунан президент катары алгачкы сөзүн сүйлөп жатат.
Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышып жатат.
10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген. Эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен тогузунчу жолу президенттик инаугурация өттү.
СЕГИЗБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ КАРМАЛДЫ
Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин он чакты тарапташын жана аялы Айнура Сегизбаеваны Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткени маалым болду. Бул тууралуу Сегизбаевдин тарапташтары маалымдады.
Камакка алынган Сегизбаевди колдоо максатында таңкы саат тогуздан баштап бир нече адам филармониянын алдына пикетке чыгышкан. Аларды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткени айтылууда. Шаардык ички иштер бөлүмү маалымат бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин 27-январда бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болгон.
КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 28-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч адам каза болду. 128 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1408 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 303 адамга жетти.
Стационарда дарыланууда – 618 бейтап, алардын ичинен 4 адам канааттандыраарлык абалда, 387 адам орто, 206 киши оор, 21 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 863 бейтап дарыланып жатат.
28-январда эки медициналык кызматкерге коронавирус жукту.