• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Абылгазиев камакта калтырылды. Коронавирустан дагы бир адам көз жумду

15 Бирдин айы 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда бир адам каза болду​. 41 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1442 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 516 адамга жетти. Оорудан 82 306 адам айыкты.

Азыр ооруканада 444 адам жатат, алардын 123үнүн абалы оору, 26сы өтө оор абалда. 387 бейтап үйдөн дарыланууда.

АБЫЛГАЗИЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.

Шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, коллегия Биринчи май райондук сотунун аныктамасын өзгөрүүсүз калтырды, Абылгазиев 26-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында калат.

Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.

КЫЗДЫН ТЕЛЕФОНУН ТАРТЫП АЛГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

 Бишкекте 21 жаштагы кыздын телефонун тартып алган адам кармалды, — деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февралда болжол менен саат 02:40 чамасында милицияга Ден Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1999-жылы туулган Ө.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жаран арыз ээсин уруп, Redmi Note 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 121