• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Адвокат Токтакунов камактан чыкты. Коронавирустан эки адам каза болду

30 Жалган куран 2022 14:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 3.

Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыгып, эки адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 57 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

ЖК ТӨРӨБАЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жалпы жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйындагы жалпы 68 депутаттын баары макулдугун берди.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

ТОКТАКУНОВ КАМАКТАН ЧЫКТЫ

Адвокат Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан 30-мартта эртең менен саат 8.30да чыкканын анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди. Ал шаардык соттун Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу өкүмүнө каршы Жогорку сотко арызданууга болбой турганын айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышарын маалымдады.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан жана аларды милиция кармап кеткен. Сот аларга үч миң сомдон айып пул салган.

Сотто аларга жактоочу болгон Нурбек Токтакуновду Биринчи май райондук соту 24-мартта судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган жана 25-мартта камакка алынган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 83