ОКУУЧУЛАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК КАТОО УЛАНУУДА
2023-жылдын 10-апрелинен 29-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала, анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, 26-июнда тарта электрондук каттоонун экинчи этабы башталган.
II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.
АЙДООЧУ ПЕНСИОНЕРДИ СҮЗҮП КЕТКЕН
Бишкектеги Жибек-Жолу — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Hyundai Santa Fe автоунаасын 1993-жылкы айдоочу башкарып бараткан. Кырсыктан окуя болгон жерде алган жарааттан улам 1948-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө, унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
УНАА КАНАЛГА ТҮШУП КЕТТИ
Ош облусунун Өзгөн районундагы Шералы айылында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине 3 куткаруучу тартылып, унааны каналдан чыгарып беришкен.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.