• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Айсулуунун жеңиши. Кыргыз-тажик делегаттары жолугушуу өткөрөт

13 Үчтүн айы 2020 13:09 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ТАРАПТАР ЖОЛУГУШАТ
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен 14-январда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.
Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.


АЙТМАТОВАНЫН ЖОЛДОШУ КАМАКТА КАЛДЫ
Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошу Сыргак Кенжебаев 20-февралга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова кабыл алды.
2019-жылдын декабрында Биринчи май райондук соту алдамчылыкка шектелген Сыргак Кенжебаевди № 1 тергөө абагына киргизген.
Эске салсак, «Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалган.


АЙСУЛУУНУН ЖЕҢИШИ
Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдеште биринчиликти алды.
Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде атаандашы азербайжандык Татьяна Омельченкону жеңип, алтын медаль тагынды.
Дагы бир алтын медалды Кыргызстандын спортчусу Назира Марсбек кызы, 59 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип жеңип алды. Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта ат салышып, 3-орунду багындырды.

Количество просмотров: 67