• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Айт намазы эски аянтта окулат. Атамбаев башка абакка которулду

18 Чын куран 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

АЙТ НАМАЗЫ ЭСКИ АЯНТТА ОКУЛАТ

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окулат, ушуга байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатат.

«Азыркы тапта атайын техника менен асфальттын эски катмары алынып жатат. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквердин ирригациялык системасына капиталдык ремонт жасалды. Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы ирригациялык система жаңыланып, тротуары оңолду. Газон себүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. COVID-19 илдетинен улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

АТАМБАЕВ 27-АБАККА КОТОРУЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесине которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Бишкектеги №47 абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келерки аптада Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которула турганын буга чейин соттук отурумда журналисттерге билдирген болчу.

Эске салсак, сот Атамбаевди 2020-жылы “Батукаевдин иши” боюнча 11 жыл, эки айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турган Атамбаев 2020-жылдын 27-октябрында №47 абакка которулган.

ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ

Бишкек шаарынан ок атуучу куралдардын жана баңгизаттар бекитилген жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган. Натыйжада бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 65