ЖАПАРОВ ПАРИЖГЕ КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 9-ноябрда Париж шаарына (Франция) иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.
Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
КЫЗДАР ӨГӨЙ АТАСЫ ТАРАБЫНАН САБАЛГАН
Бишкекте 2 кыз өгөй атасы тарабынан сабалды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур», — деп жазды ал.
Ал эми милиция 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
АЙЫЛ ЧАРБА ЖАРМАНКЕСИ
Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.