• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Акаевдин уулу жана иниси каза болду. Ак үйдүн алдында митинг өттү

6 Бирдин айы 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

АК ҮЙДҮН АЛДЫН ДА МИТИНГ
Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында, Ак-Үйдүн астында митинг өтүүдө. Ага жер тилкелерибизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деген 50гө жакын адам чыккан.
Акцияга чыккандар мындан 5-6 жыл мурун Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алышып, ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин үй сала албай жатышканын айтышат. Себеби аны мыйзамдаштыруу иштери ишке ашпай келет.
Алар депутаттар Рыскелди Момбеков жана Исхак Масалиевди сыртка чыгып эл менен жолугуушусун талап кылып жатышат.
АКАЕВДИН УУЛУ КАЗА БОЛДУ
5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болду. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Буга чейин маалым болгондой, Москва шаарында мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.
Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калган. Доктурлар аны сактап калганга үлгүрбөй калышкан.
Белгилей кетсек, Айдар Акаев 2005-жылы Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бизнес менен алектенип жүргөн.
Маалыматка ылайык, Айдар Акаевди Москва шаарында коюшат.
КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛДЫБЫ?
Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, социалдык тармактарда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коронавируска күмөнү бар эки жаран алынып келди деп таратылып жаткан маалымат туура эмес. Учурда коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.
«Кытайдан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу эки адам келгендиктен, санитардык-карантиндик бөлүмдүн кызматкерлери, Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, аларды көзөмөлгө алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине алып келген. Алардын абалы канааттандырарлык», — деп билдиришти министрликтен.
Министрликтен билдиришкендей, вирусологиялык текшерүү үчүн анализ алынып, анын жыйынтыгы менен эксперттик комиссия кийинки медициналык көзөмөлдүн болор-болбосун чечет.

Количество просмотров: 982