• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Аксынын «смотрящийи» кармалды. Өзүн-өзү өрттөгөн аял ооруканага түштү

16 Тогуздун айы 2023 14:01 Бишкек Govori.TV


ЧҮЙДӨ АЯЛ ӨЗҮНӨ ӨРТ КОЙДУ

Чүйдө аял өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда,15-октябрь күнү Чүй районунда жергиликтүү тургун күйүүчү суюктукту чачып, өзүн өрттөп жиберген. «Күйүк алган аял, ооруканага жаткырылган. Териштирүү жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта. Аялдын эмне үчүн бул кадамга барганы аныкталып жатканы кошумчаланды.

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча «көзөмөлчү» кармалды. Кармалган жаран күч колдоном деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды. Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ЖОЛ КИРЕНИ НАКТАЛАЙ АЛГАН АЙДООЧУЛАР АНЫКТАЛУУДА

Коомдук транспортто накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда.

Количество просмотров: 154