• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Активисттер ЖКнын тарашын талап кылууда. Өз энесин өрттөп жиберген жаран кармалды

9 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Бир күндө вирус 23 кишиден жаңы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 9-марттагы брифингде билдирди. Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун жалпы саны 1475 кишиге жетти. Пандемияда илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 606 киши болду. Анын 83 606сы айыгып чыкты.

ПАРЛАМЕНТКЕ КАРШЫ МИТИНГ
Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана жарандык активисттер катышып жатат.
Алар бийликке “Легитимсиз парламент тарасын”, ” Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун”, “Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын” деген талаптарды коюп жатышат.
“Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп атат. Азыркы жүрүп жаткан саясий реформаны токтотуу. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Ошондой эле легитимсиз парламент тарап, каржылоо токтотулушу керек. Ага каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып атабыз”, – деди Молдокматов. Белгилей кетсек, Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРҮҮГӨ УУЛУ ШЕКТЕЛҮҮДӨ
Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, ал жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денеси табылган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринин алкагында 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган. Кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу З.Р. кармалган. Шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 111