• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок. Жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды

5 Үчтүн айы 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ КЫРДААЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 5-январга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада бул вирустан көз жумгандар катталган жок.

124 адамга илдет жукканы лабораториялык жактан тастыкталды.

Ушуну менен коронавирус алгач катталган март айынан бери Кыргызстанда 81 512 адам бул ооруга чалдыкты.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 227 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны — 76 955 адам. Илдеттен жалпы 1360 киши көз жумган.

ТАЛАСТАГЫ ӨРТТҮН СЕБЕБИ АЙТЫЛДЫ

5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Таласта 11 адам күйүк алган өрттүн чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреже бузулганы себеп болгон.

4-январда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Борбордук базардын жанындагы “Шаурма Сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан.

Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

ЖАСАЛМА НОМУР ТАГЫНГАН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-январда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Lexus LS 460 ” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

“Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда А.И. аттуу айдоочусу мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 34