КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдет 180 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок.
Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.
Ошентип, коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 80 025 кишиге жетти. Каза болгондор 1340 адам болду. Бир күндө 307 бейтап айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1358 адам жатат, дагы 2246 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4092 адамга жетти, алардын 3865и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.
РЕФЕРЕНДУМ БОЮНЧА 10 ҮГҮТ ТОБУ КАТТАЛДЫ
Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумга байланыштуу дагы бир үгүт тобун каттады.
Боршайкомдун маалыматына караганда, муну менен каттоодон өткөн үгүт топторунун саны онго жетти.
Алардын бешөө президенттик республиканы колдосо, бирөө президенттик республикага каршы үгүт жүргүзө турган топ. Экөө парламенттик республиканы жактагандар, дагы экөө бардык варианттарга каршы чыккандардан түзүлгөн.
Алар мыйзамга ылайык референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо же баарына каршы добуш берүү үчүн элди үгүттөшөт.
2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо өтө турган мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлмакчы. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.
НОВИКОВ ЖАЛАЛ-АБАДГА БАРАТ
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бир катар өндүрүштүк жан социалдык объектилердин иши менен таанышат, ошондой эле «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабрикага жана «KAZ Minerals Бозымчак» кенине барат.