• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү акталды. Сүлүктүдө Тажикстандын 11 жараны кармалды

13 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЭШИМОВ АКТАЛДЫ

Алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот ишти карап, курамында кылмыш белгилери жок деген жүйө менен Акылбек Эшимовду актаган.

Эске салсак, Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып, УКМК тарабынан кармалган.  Атайын кызмат Эшимов «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

Кийин Эшимов үй камагына чыккан.

ШИРШОВДУН КЫЛМЫШ ИШТЕРИ

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Алексей Ширшов боюнча айрым тактоолорду киргизди.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деп билдирди Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров үй камагына чыккан Алексей Ширшов боюнча үн катып, ал тууралуу элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берген.

СҮЛҮКТҮДӨ ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ КАРМАЛДЫ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде Тажикстандын жарандары мыйзамсыз жашап, иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

29-апрелде Сүлүктү шаарында мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Тажикстандын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын 11 тургуну кармалган.

Бул факты боюнча УКМК 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иш козгогон.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, учурда сурак берип жатат.

Количество просмотров: 86