• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаев абактан чыкты. Финпол жоюлду

5 Жалган куран 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-марттагы маалыматына караганда, бир суткада оору 41 адамдан табылды.

Илдеттен Бишкекте эки бейтап каза болду. Пандемия башталган былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттин курмандыктары 1470ке жетти. Вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 86 451, айыгып чыккандар — 83 424 киши. Азыркы тапта ооруканаларда 359 бейтап бар, алардын 93үнүн абалы оор, 17си өтө оор абалда жатат. Үй шартында 259 адам дарыланууда. COVID-19 дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды. Пандемияда илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны — 4205ке жетип, анын 4186ы айыгып чыкты.

ФИНПОЛ ЖОЮЛДУ

Өкмөт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын (Финансы полициясы) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганын 5-мартта билдирди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өкмөт билдирүүсүндө Финансы полициясы өзүн актабай калганы жөнүндө кыскача анализ камтылган. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда көмүскө экономика 130 млрд. сом же ички дүң өнүмдүн 23.6% түзөт. Эксперттер көмүскө экономика 24-43% экенин белгилешет. Өкмөт буга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын натыйжа бербегени деп түшүндүргөн. Ошондой эксперттер жана бизнес чөйрө аталган кызмат алардын ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишкенин айтып келгени жазылган. Финансы полициясы ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калгандыктан, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынганы белгиленген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2012-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, бул мекеме Экономика жана каржы министрлигине кошулган болчу. 

АТАМБАЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалган милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта карады.  Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, айтылган зыянды республиканын бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен. Сот муну эске алуу менен аны үй камагына бошотту. УКМК Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллион сомдон ашык акча которгонун, калган 50 миллион сомду ушул айдын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кошумчалады. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да ырастап, Атамбаев 3-майга чейин үй камагына алынганын кабарлады. Жалил Атамбаев 4-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштегенде мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк алганын, аны жакын туугандарына каттап койгону аныкталганын атайын кызмат билдирген.

Количество просмотров: 4289