• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаев сотто айнек тосмону тепкиледи. Казакстан чек арадагы жүргүнчүлөргө чектөөнү жойду

11 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 11-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен айыккандар жана каза болгондор дагы катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 71 бейтап, амбулатордук түрдө 14 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

КАЗАКСТАН ЧЕК АРАДАГЫ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЖОЙДУ

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу эч кандай жүйөөсүз өтө башташты. Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан «Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу» жана «Токмок унаа жолу» бекеттери аркылуу өтө алат.

Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан «Кең-Булуң унаа жолу» бекетинен өтө алышат.

Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.

АТАМБАЕВ АНЫ СОТКО АЛЫП КЕЛБӨӨНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда кайрадан тартипти бузуп сот залынан чыгарылды. Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь окуяларына байланыштуу ишти кароону уланткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, жана анын оорусун калп деп көрсөтүп жаткандыктарын айтып нааразы болду.

Атамбаев соттук жараян учурунда айыпталуучулар олтурган айнек тосмону тепкилеп, каршылыгын көрсөттү. Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.

Эске салсак, 8-апрелдеги соттук отурум учурунда да Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкилеп, сот залынан чыгарылган. 8-апрелдеги сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарып, кийинки сот процесси 11-апрелге белгилеген. Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.

Количество просмотров: 147