• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бабановго козголгон иштер токтоду. Коронавирустан дага 2 адам каза болду

24 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1492 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 115 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (66) жана Чүй облусунда (42). Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 652 адамга жетти. Бир күндө 65 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4222 адамга жетти, алардын 4195и айыгып чыкты.

БҮГҮН ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯ КҮНҮ

Бүгүн президент Садыр Жапаров 24-март — элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Анда мамлекет башчысы адилетсиз бийлик, мыйзамсыздык, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу жана жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу март окуяларына себеп болгонун белгиледи.

Жапаров кайрылуусунда алдыда Кыргызстанды өнүккөн мамлекетке айландыруу максаты турганын айткан.

“Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы”, делет кайрылууда.

2005-жылдын 24-мартындагы «Жоогазын ыңкылабы» деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 16 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

БАБАНОВДУН ИШТЕРИ ТОКТОТУЛДУ

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулду. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом төкмөй болду.

Бул тууралуу 24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин прокуратура жана тергөө органдары Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон жазык иштери токтотулду. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өмүрбек Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болду.

“Ошону менен катар Өмүрбек Бабанов менен мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде 100 миллион сомду (казынага) которуу тууралуу келишим кабыл алынды”, беп билдирди УКМК.

Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 29-августунда Финансы полициясында сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан.

Количество просмотров: 78