• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Батирден аял кишинин сөөгү табылды. Мыйзамсыз курулуштарды алуу  иштери уланууда

12 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

БАТИРДЕН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Беловодское айылында батирден аял кишинин сөөгү табылды.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, куткаруучулар Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 74 жаштагы А.А. аттуу аял кишинин сөөгүн табышкан.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР АЛЫНУУДА

Бишкекте тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, күндүз Абдрахманов көчөсүн бойлой Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, андан ары Бөкөнбаев көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Москва көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектисин бойлой Логвиненко көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлүп, 350гө жакын жарнама конструкциялары алып салынды.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКТАР…

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору бар.
Мэриядан белгилешкендей, учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
15 объектиде жылуулук тутумун оңдоо иштери жүрүп жатат, 9 объектинин чатыры алмаштырылууда. Балдардын чыгармачылык борборунда тышкы электр кабели алмаштырылып, 5 объектиде электр монтаждоо иштери, 12 объектиде жалпы оңдоо курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 94