• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Каржы пирамидасы боюнча 248 иши тергелген

1 Баш оона 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

БАТИРДЕН АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Асанбай кичирайонунда жайгашкан үйлөрдүн бириндеги батирдин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 67 жаштагы Л.С. аттуу эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

КАРЖЫ ПИРАМИДАЛАРЫНА КУРМАН БОЛГОНДОР

2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн каржы пирамидалар боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Бул жерге турак жай кооперативи жөнүндө фактылар боюнча маалыматтар кошулган эмес.

Ведомстводон ошол эле учурда каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөнүн кошумчалашты

АКЧА КОТОРУУЛАР КЫСКАРГАН

Алдын ала маалыматка караганда, 2023-жылдын 6 айында жеке жактардын таза акча которуулары 704,6 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын финансы статистикасы жана серептөө башкармалыгынын башчысы Медер Абдырахманов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акча которуулар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% кыскарган.

«2022-жылдан тарта акча которуулардын таза агымынын төмөндөө тенденциясы уланууда. Былтыркы жылдан бери бизде Түркияга которуулардын агымы өстү. Бул таза акча которуулардан тышкары, соода операциясы жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу. Ал эми Украинадан келген товарларды жеткирүү тизмегинин өзгөрүшүнө байланыштуу, азыр товарлардын бир бөлүгү Түркиядан жөнөтүлөт», — деди ал.

Количество просмотров: 84