• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Баткенде аскер кызматкерине ок тийди. Өкмөттө кадр алмашуу болду

23 Үчтүн айы 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

ОРУСИЯДА ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КЫРГЫЗДАР КАЗА БОЛДУ
Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.
Маалыматка караганда, кырсык күн мурун Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.
Бир версияга ылайык, кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон.
КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыркаган эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп айтылууда.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыкташты.


БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ ОК ЖЕДИ
Баткен облусуна караштуу Бужум айылында аскер кызматкери октон жарадар болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Окуя мурунку түнкү ок атышуу практикасын өтөп жатканда болгон.
«Ефрейтор А.М оң билегин тешип өткөн октон жарадар болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын абалы канааттандыраарлык», — деп билдиришти Башкы штабдан.


ӨКМӨТТӨГҮ РОТАЦИЯ
Бүгүн эле кызматынан бошотулган Нурболот Мирзахмедов өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев кечээ өз арызынын негизинде отставкага кеткен. Ал 2016-жылдан бери аймакты жетектеп келген.
Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. Бир нече жыл Сузак районун жетектеген. 2018-жылы өзгөчө кырдаал министри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 127