• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Батукаевдин иши боюнча отурум жылды. Кара-Балтада батирден 2 аялдын жансыз денеси табылды

6 Бештин айы 2019 14:14 Бишкек Govori.TV

БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА ОТУРУМ ЖЫЛДЫ
Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.
Бүгүнкү отурум жылдырылды. Төрагалык кылган судья Эмил Кайыпов ооруп калды. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдиргендей, ал айыпталуучуну угууларга алып келбөө үчүн сураныч жөнөтөт. Иштин акыркы тому менен таанышууга өзү жана Атамбаев үлгүрө албагандыгын айтты.
Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.
Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.


ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН ИНСПЕКТОР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ
Ноокат районунда 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, пара менен кармалган К.З.нын бөгөт чарасы кечээ шаардык сотто каралган. К.З.нын ден соолугунун начар экендигине байланыштуу, Ош шаардык ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жатып калганын жана жашы жете элек эки баласын эске алып, сот аны үй камагына чыгарды.
Эске салсак, Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалган.


БАТИРДЕН ЭКИ АЯЛДЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ
Кара-Балтада бир батирден эки аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй РИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө батирден эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун денелеринен кыйноо белгилерин табышкан эмес.
Такталгандай, каза болгондор 71 жаштагы батирдин ээси жана 40 жаштагы кыз болгон.
Маалыматтар боюнча батирден алардын акыркы каты табылган. Анда алар өз жандарын кыйып жатканын жана алардын өлүмүнө эч кимдин күнөөсү жок экени жазылган. Жана ошондой эле батирди алардын үйүн жыйнап иштеген аялга калтырышканы айтылат.
Бул боюнча тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 133