• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Бензин дагы кымбаттайт. Швецияда уурдалган унаалар Кыргызстандан табылды

20 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус  870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1040 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ДАГЫ КЫМБАТТАЙТ

Күйүүчү-майлоочу майга болгон баа жакынкы күндөрү 4-6 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өткөн маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

Эшатов азыркы учурда Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы, Кыргызстандагы кымбаттоонун негизги себептеринин бири деп атады.

«Күйүүчү майларга болгон баанын жогорулашы 2020-жылдан бери токтой элек. Мындай көрүнүш 2022-жылдын орто ченине чейин уланышы мүмкүн. Мунай заттардын 95 пайызы Орусиядан ташылып келет. Жакынкы күндөрү 4-6 сомго кымбатташы күтүлөт. Мындай кырдаалга карабай Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгы жаралбайт ал эми баанын жогорулашы — бул дүйнөлүк тенденция»,-деди ал.

ШВЕЦИЯДА УУРДАЛГАН УНААЛАР КЫРГЫЗСТАНДАН ТАБЫЛДЫ

Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.

2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен, беш премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.

Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 109