• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бир нече мектеп карантинге жабылды. Бишкекте унаа өрттөндү

13 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕР КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

Чүй облусунун Аламүдүн районунда окуучулар арасында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун күчөшүнөн улам алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Жогорку Ала-Арча орто мектеби; Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби; №1 орто мектеп (Лебединовка); №2 орто мектеп (Лебединовка); Ж.Бердыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп; Каирминская мектептер убактылуу жабылды

БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК

 Жыл башынан бери Бишкек шаарында балдарга карата зордук-зомбулук жана кордоо боюнча 103 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулук көбүнчө оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдө же мигранттардын балдарына карата болот.

“Мындай учурларда үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планын түзүп, керек болсо баланы алып салышат. Бирок, көпчүлүк учурда үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга болгон аракетибизди жумшап, социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтөбүз”, — деди ал.

Вице-мэр балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көпчүлүгү жаңы конуштарда катталганын белгиледи.

УНАА КҮЙҮП КЕТТИ

Бишкекте жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жарандар билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 13-декабрда саат 8:30дар чамасында Малдыбаев көчөсүндө (И.Ахунбаева көчөсүнө жакын) турган унаада чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Количество просмотров: 179