КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандардын бардыгы Бишкек шаарында катталды. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1598га адамга жетти.
Акыркы суткада 345 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (224) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 944 адамга жетти.
Бир күндө 265 адам сакайып чыкты. Учурда 1470 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 72 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.
ЧЕК АРАДА ЧЫР
Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы үч айыл аймагында күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды. Бул тууралуу 29-апрелде облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.
Анын айтымында, мындай тартип Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарына киргизилди. 28-апрелде чек арадагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын тилкесинде жаңжал чыккан. Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылына жакын жерде ок атылып, таш ыргытылган.
Соңку маалыматка караганда, азыр абал тынч, жараат алган төрт кыргызстандыктын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.
Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, «Головной» толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.
Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.
КЛООП БШКНЫ СОТКО БЕРДИ
«Клооп» интернет-басылмасы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын байкоочуларынын арызын убагында карабаганы үчүн Бишкектин Административдик сотуна кайрылганын билдирди. Басылманын маалыматына караганда, БШКга 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу жана Конституция боюнча референдумдагы добуш берүүгө байланыштуу эки арыз жөнөтүлгөн. Бирок арыз-даттануулар өтө көп болгондуктан Боршайком баарын карап жетишпей жатат.
Биринчи арыз өлкөнүн көпчүлүк шайлоо бекеттеринде добуш берүү купуялыгы сакталбаганына, экинчиси Бишкекте жети бекетте добуштарды кайра саноого байланыштуу болчу.
Бул жолку шайлоого «Клооп» басылмасынан Кыргызстандын бардык аймактарында 3 миңдей байкоочу катышып, 840 мыйзам бузуу аныкташты. Мындан тышкары алар баштапкы протоколдор менен БШКнын сайтына жарыяланган протоколдор боюнча жүздөгөн айырма бар экенин билдиришкен. Боршайком 11-апрелдеги шайлоо жана референдумдун жыйынтыгын расмий жарыялай элек.