• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бир суткада 500дөй адам коронавирус жуктурду. Экс-ажонун камалуусун талап кылган митинг өтту

10 Кулжа 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Бүгүн, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ошол эле учурда 351 бейтап коронавирустан айыгып чыккан. Бир күн ичинде коронавирустан Кыргызстанда 5 киши каза болгон. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталган. Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 108 миң 667 учур катталды. Анын ичинен 101 миң 715 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 869 бейтап каза болду.

ИЮНЬ ОКУЯСЫНА 11 ЖЫЛ

Июнь коогасынын 11 жылдыгына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду.
«Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем»,- деп жазылды президенттин сайтындагы кайрылууда.
2010-жылы Ошто жана Жалал-Абадда 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына 11 жыл болду. Расмий маалыматка таянсак, 10 июнда башталып, үч күн уланган каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай жараат алган. 57 киши дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Калабада жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанга кол сунган. Быйыл президент Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берген.

ЖЭЭНБЕКОВДУН КАМАЛУУСУН ТАЛАП КЫЛГАН МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 10-июнда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылгандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар колдоруна “Сооронбай Жээнбеков экс макамга татыксыз”, “Үмүттүн өлүмүнө ким жооп берет?”, “5-6-октябрда жаракат алгандарга дарылануу, реабилитация керек” деген жазууларды кармап алышканын көрүүгө болот. “Октябрь айындагы окуяларда митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылышы керек”,-деди митингдин катышуучусу. Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылар бошотулган. Кагылышта жүздөгөн адам түрдүү жараат алып, алардын отузга жакынынын көзүнө ок тийген. Сегизи бир көзүнөн айрылганы айтылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болгон.

Количество просмотров: 135