• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек менен Чүйдө COVID-19дан жабыркагандар көбөйдү. «Ак-Жол» бекети ачылды

2 Чын куран 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 2-апрелге карата дагы 162 адамдан коронавирус табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаары (112) менен Чүй облусунда (39).

Акыркы бир күн аралыгында өлүм катталган жок. Соңку бир суткада мурда ооругандардын 82си сакайды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, илдет жуккандардын расмий саны 88 700гө жетип, алардын 88 миңдейи сакайды. Илдет 1,5 миң бейтаптын өмүрүн кыйды.

Ооруканада жаткандардын арасынан 24 бейтаптын абалы өтө оор, 112си оор, дагы 426сы орточо оор абалда деп мүнөздөлүүдө.

“АК-ЖОЛ” БЕКЕТИ АЧЫЛДЫ

Жума күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекети расмий ачылды. Ага Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен казак өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.

Бул чек ара бекети былтыр коронавирус коркунучунан улам эки тараптуу жабылган.

Казакстанга жол тарткан жүргүнчүлөр казак тараптагы эпидемиологиялык абал менен чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

ШАЙЛООГО БЮЛЛЕТЕНДЕР АЙМАКТАРГА ЖИБЕРИЛДИ

БШК аймактарга жана чет өлкөлөргө добуш берүү үчүн бюллетендерди жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү үчүн 3 млн 600 миң 996 бюллетень чыгарылып, 4 миң 966 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоонү өткөрүү үчүн 1 млн 45 миң 692 бюллетень өндүрүлдү. Мындан тышкары, 1 миң 196 бюллетень Брайл шрифти менен чыгарылган.

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 2 млн 260 миң 712 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 120 бюллетень чыгарылды.

Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүүгө 6 млн 907 миң 400 бюллетень даярдалды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 11-апрелде өтөт.

Количество просмотров: 280