• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек-Ош жолу ачылды. Коронавирустан каза болгондор катталган жок

26 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 51 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Чүй облусунда — 22 адам.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 142 кишиге жетти.

Бир күндө 55 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 368 адам жатат, дагы 313 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4204 адамга жетти, алардын 4172си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

КЫРСЫК БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЧЫП КЕТКЕН АЙДООЧУ

Милициянын кайгуул кызматкерлери жол кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Кечээ, 25-февралда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунда кызыл түстөгү «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыкка кабылып, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Бишкек ШИИББдин Кайгуул кызматынын өздүк курамына аталган унааны издеп, табуу боюнча багыттама берилген.

Көп өтпөй Кайгуул кызматынын өздүк курамы унааны Махатма Ганди жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинен табышкан жана унаанын айдоочусу А.И.ни кармашкан.

Айдоочу Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короого киргизилди.

БИШКЕК-ОШ ЖОЛУ АЧЫЛДЫ

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулардын негизги бөлүктөрү жана Бишкек-Ош, Тараз-Талас-Суусамыр жолдору унаалардын өтүшүнө толук ачылды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жүргүзүлгөн иштердин негизинде 25-февралда саат 23:00дө Өтмөк, Талас-Тараз-Суусамыр жолу ачылды.

«Акыркы 3 суткада Бишкек-Ош унаа жолунун беш жеринде кар көчкү түшүп, унааларды жүрүшүнө тоскоолдук жаралган. Кар тазалоо иштерине байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бишкек-Ош, Талас-Тараз-Суусамыр, Каракол-Эңилчек, Ош-Сарыташ-Эркечтам жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолдору жабылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө кар тазалоо иштери аяктап, жол ачылган. Бир гана Каракол-Эңилчек унаа жолунда иштер жүрүүдө, жакынкы күндө жол ачылат.

Количество просмотров: 119