• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте 4 көчөнү бир тараптуу болот. «Тяньшинин» өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

27 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕГИ 4 КӨЧӨНҮ БИР ТАРАПТУУ КЫЛУУ ПЛАНДАЛУУДА

Бишкекте 4 көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штаб болуп өттү.

Штабдын мүчөлөрү Панфилов, Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсүнүн Горькийден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин талкуулады. Бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин кылдаттык менен изилдөө үчүн жеринде биргелешкен кеңешмени уюштуруу чечими кабыл алынды.

“ТЯНЬШИНИН” ӨКҮЛҮ КАРМАЛДЫ

Ошто “Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну «ТИЕНС» (Тяньши) фирмасынан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген О.Т. аттуу жаран анын ишенимине кирип, “Сиз фирмага 210 миӊ төлөп, “ 6 жылдыз” даражасын алсаӊыз, айына 23 миң сом айлык маяна берилет, андан сырткары 210 миӊ сом дагы сиздики болот” деп айтып алдап, жабырлануучудан 210 миң сом алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгү билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан бул факты боюнча шектүү катары Чүй облусунун 1997-жылы туулган О.Т. аттуу тургуну кармалып, Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ЖАПАРОВДУН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАГЫ  500 КҮНҮ

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген. Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

Количество просмотров: 321