• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте балдар ооруканасы ачылат. Улуттук банк 6 жаранга айып салды

14 Бештин айы 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

БАЛДАР ООРУКАНАСЫ АЧЫЛАТ

Бишкекте 2024-жылдын башында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда», — деди ал.

УЛУТТУК БАНК 6 ЖАРАНГА АЙЫП САЛДЫ

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 6 жаранга айып салды. Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун аймагында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан М.Ж.А. аттуу кыргыз жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн  Кыргызстандын 5 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ МҮМКҮН

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан кар жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 137