• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкекте батирде бекилген балдар куткарылды. Бала бакча мамлекетке кайтарылды

14 Чын куран 202314:01 Бишкек Govori.TV

ОШТУН БАШЧЫСЫ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул кызматты аркалаган, Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаңы дайындалган президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эмгек жамаатка тааныштырды.

БАЛДАР КУТКАРЫЛДЫ

13-апрель күнү Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде  4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине дароо Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан кызматкерлер барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн. Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып  киришип ичинде үч кичинекей 3 -5 жашар балдар бар экендигин көрүшкөн.

Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришти.

БАЛА БАКЧА МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында жайгашкан бала бакчанын имараты менен 0,18 га жер тилкесине мыйзамсыз А.А. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Андан соң, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде баасы 19 млн 524 миң сомду түзгөн аталган 0,18 га жер тилкеси менен бала бакчанын имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 71