КОРОНАВИРУСТУН ЖОГОРКУ КӨРСӨТКҮЧҮ КАТТАЛДЫ
19-июнга коронавирус дагы 132 адамдан табылып, Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Ошондой эле бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап сакайып чыкса, 24 медкызматкердин анализинен таажы илдети аныкталды. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2789 адамга жетти.
БИШКЕКТЕ БАРЫМТАГА АЛЫНГАН АЯЛ КӨЗ ЖУМДУ
Бишкекте барымтага алынып, жаракат алган аял каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабырлануучу аял кечки саат 9:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Буга чейин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жегенин билдирген. Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.
ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КУРАМЫН ЧОГУЛТТУ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралып, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулду.
«ДӨӨ ЧЫҢГЫЗ» 5 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ
«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов беш жылга түрмөгө кесилди. 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жумагуловду Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») күнөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Ал эми Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Бул иш боюнча айыпталган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмышка кошо катышуучулар»), 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») жана 206-беренеси («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жылга кесилишти. Ошондой эле, аларга 190 миң сом айып салынды. Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринин алдында эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип, 2019-жылдын 11-апрелинде кармалган.