• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте коомдук унааларда жол кире көтөрүлдү. Өлкө аймагында жер титиреди

30 Үчтүн айы 2024 13:56 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.
Маалыматка ылайык, Кытайдагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ЖОЛ КИРЕ АКЫСЫ КӨТӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 30-январдан тарта Бишкек шаарындагы коомдук унааларга жол кире жогорулады.
Мындан ары автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:
Накталай төлөм — 20 сом;
«Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.
Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.
Жол кирени көтөрүүнү демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган.

ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КАНИКУЛГА ЧЫГАТ
Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин каникулга эс алат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, окуучулар мектепке 19-февралдан тарта бара баштайт.
1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан белгиленген.

Количество просмотров: 187