• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте мектеп онлайн окутууга өттү. Тез жардам унаасы кырсыктады

10 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАРАН ТЕРЕЗЕДЕН СЕКИРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАДЫ

Бүгүн Бишкектин Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, аталган даректе жайгашкан батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х атту жаран (эркек киши ) секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышты. Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган эмес.

ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 9-ноябрда саат 23:00дөр чамасында тез жардам кызматынын унаасы Ахунбаев көчөсүнөн Жунусалиев көчөсүнө бурулганда “Мерседес Бенц” жана “Фольксваген Пассат” унаалары менен кагышкан.

Кырсыктан эки медкызматкер жана “Фольксваген Пассаттын” айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда үч унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Окуянын себеби аныкталууда.

АЙРЫМ МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЛУУЛУК ТОКТОТУЛДУ

Бишкек шаарындагы №65, 39 мектептерде жана №173, 75 бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Буга байланыштуу билим берүүмекемелерине жылуулук берүү токтотулган.

«Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү.

Маселе Бишкек мэриясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 458