• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте светофорлор жаңыланат. Жол кырсыгында эки адам каза болду

10 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ТОПТОО УЮШТУРУШКАН

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Экономикалык контрабанда» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында КРдин 2 жараны кармалды. Тергөө иштери уланууда.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 2 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда болжол менен саат 16:30 чамасында «Хундай-Соната» авто унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган жаран Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында түндүктү көздөй бара жатып, рульга ээ боло албай, бакты сүзүп токтогон.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапкан, дагы бир жүргүнчүсү Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

СВЕТОФОРЛОР ЖАҢЫЛАНАТ

Бишкек шаарында светофорлор жаңыланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө инновациялык системаларды киргизүү максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, светофордук объекттерди модернизациялоо, светофордук жана жол таянычтарын реконструкциялоо пландаштырылууда.

Маалымдалгандай,  Аалы Токомбаев көчөсү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин жана Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңылоо иштери жүрөт.

Количество просмотров: 88