ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Кыргызстандын сейсмология институтунун маалымдашынча, 24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында жер титирөө кайталанып, очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда да сезилген. Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллды түздү.
Ушул эле күнү саат 02:38де силкинүү Кытайдын аймагында кайталанып, очогунда күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында да жер титиреп, күчү 3 баллды түздү.
ОМАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН БЕТТЕШЕТ
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 25-январда Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы үчүнчү беттеши.
Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.
Кыргыз футбол союзунан Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштуруларын билдиришти. «Ак шумкарлардын» оюнун чоң экрандан көрүп, сүрөйм дегендер «Азия Молл» соода борборунун 3-кабатына келишсе болот.
ЖАҢЫ КАТТАМ ИШКЕ КИРЕТ
Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт.
Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.