• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Асман шаарынын курулушуна капсула салынат

31 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

АСМАН ШААРЫНЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛЫНАТ

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы капсула салынышы пландалып жаткан шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткендигин айтты.

«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деди президент. Садыр Жапаров Асман шаарын тыштан келген инверсторлор саларын кошумчалады.

ЖКДА ТИЛ МЫЙЗАМЫ КОЛДОО ТАПТЫ

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, 69 депутаттын «макулдугу» менен кабыл алынды.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдиргендей, аталган мыйзам долбоору 34 жылдан кийин кабыл алынып жатат.

Парламент мыйзам долбоорун президенттин кароосуна жөнөттү. Мамлекет башчысы долбоорго кол койгондон кийин, ал мыйзам катары күчүнө кирет.

ЖАЙКЫ МЕКТЕП ЛАГЕРЛЕРИ АЧЫЛАТ

Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин иштейт. Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп, эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, лагерлердин иш пландары, жайкы каникулга карата балдардын чыгармачылык борборлорунун ийримдеринин жана спорт секцияларынын иштери такталып жатат.
Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектеп коопсуздук кызматы камсыздайт.

Количество просмотров: 73