• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Аялын сабап өлтүргөн жаранга өкүм чыкты

30 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТИН БИР КАТАР КӨЧӨЛӨРҮ ЖАБЫЛАТ
Бүгүн, 30-августта КР жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, саат 14:00 дөн тартып, 23:00гө чейин, Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат
Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

КАМАКТАГЫ АКТИВИСТТЕРДИ КОЛДОО МИТИНГИ ӨТТҮ
Бүгүн, 30-августта өкмөт үйүнүн алдында «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев менен активист Адилет Али Мыктыбекти колдоо акциясы өтмөк.
Бирок, күч түзүмдөрү Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, баш калаанын борбордук аянтында жана парламент, өкмөт имараттарынын алдында 1-сентябрга чейин пикет өткөрүүгө тыюу салынганын белгилеп, акцияны Горький гүлбагына өткөрүүнү сунуш кылышты. Натыйжада чогулгандар нааразычылык акциясын гулбакта улантышты.
Эске салсак, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта ИИМде бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына жайгаштырганы негиз болгон. 16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарган. Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, адегенде 48 саатка, андан кийин 2 айга камалган. Ага Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду.

АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРГӨН ЖАРАН КЕСИЛДИ
Талас шаардык соту аялын сабап өлтүрдү деген Жол кайгуул кызматынын инспектору Ж.А.К.тын иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соттун 26-августтагы чечими боюнча Ж.А.К. 122-беренин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды, үй-мүлкү конфискацияланбаган.
Кошумчалангандай, Ж.А.К. жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.
Эске салсак, буга чейин Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгонун блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирген. Анда окуя 8 ай мурун болгонун жана учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатканы жазылган.
Ал эми Талас облустук соту бул тууралуу маалымат таратып, кылмыш иши шаардык сотто каралып жатканын, аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 14-июнунда кайра кароого түшкөнүн билдиршкен.

Количество просмотров: 191