• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бомба тууралуу маалыматтан улам имараттар курчалды. 14 өрт кырсыгы катталды

19 Тогуздун айы 2023 14:18 Бишкек Govori.TV

ИМАРАТТАР КУРЧООГО АЛЫНДЫ

19-октябрда Бишкектеги Жогорку сот, Ленин райондук сот, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына жана «Айчүрөк» соода үйүнө бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат милициянын «102» кызматына түшүп, аталган жерлерге милиция кызматкерлери барган.

Кошумчалангандай, имараттар курчоого алынып, кызматкерлер эвакуацияланган.

Буга чейин дал ушундай эле кабардан улам Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок комплекси да курчоого алынган.

14 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2; Чүй облусунда – 3; Ысык-Көл облусунда – 3; Жалал-Абад облусунда – 2; Баткен облусунда – 2; Ош шаарында – 1; Ош облусунда – 1 өрт катталган.

МАДУМАРОВДУН СОТУ ӨТӨТ

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 168