КОРОНАВИРУС БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 551 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 459 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 29 бейтаптын абалы орто оордукта, 440 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 735 адам каза болду.
ДЫЙКАНБАЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Дыйканбаев 20-июлга чейин УКМКнын абагында камакта болот. Ал пара опузалоого айыпталууда.
Дыйканбаевдин үстүнөн «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлү арыз жазган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Дыйканбаев келишимди аткаруу мөөнөтүн жылдыруу маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган.
Кошумчалай кетсек, Дыйканбаев кечээ, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Дыйканбаев аталган кызматка эки жума мурун 5-майда дайындалган.
КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ
Чүй облусунда кыз ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-май күнү 22:00дөр чамасында милицияга радиостанция аркылуу Бишкектин Октябрь районунан эки адам 19 жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
“Чүй облустук милициянын инспекторлору “Сосновка” постунан түнкү саат 00:30дар чамасында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотуп, ала качууга шектелген эки жигитти кармашкан. Алар кызды Талас облусуна алып кетип бара жатканы белгилүү болду”, — деп айтылат маалыматта.
Кармалган 26 жана 23 жаштагы жигиттер менен кыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө жеткирилген.