КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт киши көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда.
22-декабрга карата коронавирус дагы 175 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды. Кыргызсанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 79429 адам COVID-19 менен ооруду.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 295 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 73 300 адам айыгып, 1335 киши оорудан көз жумду. Ушул тапта бейтапканаларда 1472 адам дарыланууда.
«ЖАШЫЛ ЧАРБАНЫН” БАШЧЫСЫ АЛМАШТЫ
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, — деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жолдошева Элнура Шаршембиевна берген арызынын негизинде Бишкек мэриясынын «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы кызматтан кетти. Анын милдетин убактылуу аткаруу аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Айгүл Наватовага жүктөлдү.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
ӨРТТӨ БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ
Чүйдө өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-декабрда кабарлагандай, кырсык Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында болду.
Жалпы аянты 40 чарчы метрлик үй өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы аял каза болду. Өрттүн себеби такталууда.
Жалпысынан соңку бир күн ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо менен 19 өрт өчүрүү бөлүм алышты.