• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө жер титиреди. Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн

6 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ИВИЦА ДАЧИЧ ПРЕЗИДЕНТТИ СЕРБИЯГА ЧАКЫРДЫ

Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары — тышкы иштер министри Ивица Дачич КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду иш сапары менен өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

«Менин иш сапарым эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берет деп ишенем. Кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек жана мындан да жогорку деңгээлде визит алмашуубуз керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары — тышкы иштер министри кечээ, 5-апрелде расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Сербиянын тышкы иштер министринин иш сапарынын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн бир катар жолугушуулар пландаштырылууда.

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Чүйдө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-9-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 109