• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арада абал туруктуу. Депутаттар элдин арыз-муңун угушат

8 Үчтүн айы 2020 13:19 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ ТУРУКТУУ
Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыккан чырдан улам эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Анын натыйжасында Кыргызстандын жарандарына 520 баш мал кайтарылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чырдын өөрчүшүнө жол бербөө чараларын талкуулашкан.
“Чек арачылар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. Малын издеп барган жарандар менен коңшу өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан.


ДЕПУТАТТАР 3 КҮН АЙМАК КЫДЫРЫШАТ
Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугуп, элдин арыз-муңун угушат.
«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө»​ мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү жылына бир канча жолу шайлоочулар менен жеринде иш алып барууга милдеттүү. Парламентарийлер акыркы ирет ноябрда аймак кезип, иштешкен.


БИШКЕКТЕ 295 ТОННА ТУЗ СЕБИЛДИ
Бишкек шаарындагы тротуар, жолдор, аялдамалардын айланасындагы карлар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорго 295 тонна туз себилген. Кар жана музду тазалоого 37 атайын техника тартылган. Ошондой эле “Тазалыктын” 800дөй жумушчусу иш алып барууда.

Количество просмотров: 83