• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арада атыш токтой элек. 8 жаштагы бала каналга түшүп кетип каза болду

16 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БАТКЕНГЕ ГУМЖАРДАМ ЧОГУЛТУЛУУДА

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайдын алдында Баткен облусу үчүн гуманитардык жардамдарды чогулткан бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды.

Анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдар керек экени белгиленген.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатат. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда бери дегенде 18 адам жараат алды. Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

ТИМ ТАЖИК ТАРАПКА НОТА ТАПШЫРДЫ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды.

Анда Тажикстан 16-сентябрда мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерин аткылаганы тууралуу айтылган.

Нотада кыргыз тарап Тажикстанды бардык эки тараптуу келишимдерди аткарууга, ок атууну токтотууга, чек арада абал курчуп кетишине алып келүүчү кырдаал жаратпоону талап кылууда.

«Чек арадагы бардык маселелер саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш» деп жазылган маалыматта.

8 ЖАШАР БАЛА КАНАЛГА ЧӨГҮП КЕТТИ

Алтын-Ордо конушунда 8 жаштагы бала каналга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минристрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Алтын-Ордо конушундагы Кадырбай-Ата көчөсүндө каналга (быстроток) 2014-жылы туулган Н.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланын жансыз денесин Калинин жана Набережная көчөлөрүнүн кесилишинде суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 4614