• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арада ок атылды. Баласын өлтүрүүгө шектелип атасы кармалды

14 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ОК АТЫЛДЫ

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп окуя болгон жерде иш алып барууда.

“Азыркы учурда ок атышуу токтоду. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч”, — деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

ПАРЛАМЕНТТЕ КУМТӨР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ УГУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов «Кумтөр Голд Компани» компаниясындагы коррупция, анын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу кеңири маалымат берилиши керектигин билдирди. Ал парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында бул маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуштады.
Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген.
Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөрдү» текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

УУЛУН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП АТАСЫ КАРМАЛДЫ

Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8 сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, изделип жаткан жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 95