• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Чек арада ок атылып, бир жаран жаракат алды

2 Кулжа 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТАН ДАГЫ БИР ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда  бир сутка ичинде коронавирус жуккан жаңы 28 учур катталса,  38 бейтап оорудан айыгып, бейтапканадан чыкты. 2-июнга карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны 1845 адамга жетти. Учурда стационарларда 609 адам дарыланып жатат. 16 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Анын айтымында, маркум Нарын облустук ооруканада даарыланып жаткан. Анын өнөкөт оорулары күчөп кетип, каза болуп калган.

ЧЕТ ЖАКТАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КЕЛДИ

Бишкек шаарына Индиядан Кыргызстандын 6 жараны Дели—Бишкек—Дели маршруту боюнча Кыргызстандагы Индиянын жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Мындан тышкары Беларусь Республикасынан да кыргызстандык 179 жаран кайтып келди. Атталган каттам менен Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Голландия, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстония өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын жарандары учуп келишти.

Учурда бардык жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

ЧЕК АРАДА ОК АТЫЛДЫ

Бүгүн, 2-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасына ок атылып, айдоочу жаракат алган. Чек ара кызматынан билдиришкендей, түндө Баткен районунун Эки-Таш жергесинде “Ош-Исфана” жолу менен бара жаткан Кыргызстандын 38 жаштагы жаранынын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык мылтыгынан бир нече ирет ок аткан. Жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Эки тараптын жолугушуусу өтүп, териштирүү иштери журүүдө. Учурда абал тынч.

КООМДУК ТРАНСПОРТ ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн Бишкек шаарында 88 коомдук транспорт текшерилди. Жыйынтыгында 5 эреже бузуу катталды. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, унаанын салонунда санитайзер коюлган эмес. Эреже бузган айдоочуларага карата Бузуулар жөнөнүндө кодекстеги беренеге ылайык протокол түзүлүп, 1000 сомдон айыппул салынды. Белгилей кетсек, коомдук транспортто бет кап тагынып, кол кап кийип жүрүү керек.

Количество просмотров: 336